Тамашалап таксинин акчасын төлөбөйм дегени үчүн уруп өлтүрүшкөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тамашалап койгом таксинин акчасын өзүңө төлөгүлө дегени үчүн таанышын уруп өлтүрүп коюшкан. Бул тууралуу Тенгри Ньюст маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, 17 декабрь күнү эртең менен ооруканага ар кандай жаракат алган оор абалдагы жаран келип түшкөн. Дарыгерлердин аракетине карабай алган жаракаттан улам көз жумган. Бир суткага жетпей бул адамдын өлүмүнө себепкер болгон шектүүлөр кармалган. Алар башка шаардан келип убактылуу унаа жуучу жайда иштеп жүрүшкөн. Анын бири буга чейин уурулук кылып абакка түшуп чыккан. Ал эми экинчи бангизат сактап тымызын сатып келгени аныкталган. Сурак учурунда аларды маркум досу конокко чакырып, таксинин да акчасын төлөй турганын айткан. Алар келишкенде маркум кызуу абалда болгон, ошондой эле ал досторун тамашалап койгонун айтып таксинин акчасын да өздөрү төлөшүн айткан. Ушундан улам ортолорунда уруш чыгып экөө досун ур-тепкиге алып кетип калышкан. Азыр экөө тең убактылуу камоочу жайга киргизилди.

Аргумент.kg