Тамак ооруса эмне кылыш керек?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары көп учурда балдардын гана эмес, чоңдордун дагы тынчын алат. Тамактын оорушу – дарыгерге же фармацевтке жардам сурап кайрылуунун эң кеңири жайылган себептеринин бири. Көбүнчө тамак жалпысынан организмди козгогон ооруларда – мисалы, курч респиратордук вирустук инфекцияларда (КРВИ) ооруйт. Оору белгилери ар кандай болушу мүмкүн: бул оору, ачышуу, кургактык, ошондой эле былжырдын кызарышы, шишик, жутуудагы оорутуу, каргылдануу, үндүн жоголушу. Бул оору белгилеринин пайда болуу себептери ар кандай, бирок анын баары дарылоону талап кылат. Эгер чара көрбөсө, инфекция жайылып кетип жана оорлошууларга алып келиши мүмкүн.

Тамак оорунун себептери

Өзүн начар сезүүгө даттануунун пайда болушунун себептеринин бири – вирустук инфекция. Ал чоң адамдарда 90% учурда тамак ооруну пайда кылат. Катуу оору сезимдери респиратордук вирустарды пайда кылат (аденовирустар, грипп же герпес вирустары).

Сейрек учурда тамактын оорушунун себеби бактериялык инфекция болот. Эгер организм алсыз болсо же вирустук инфекция адекваттуу дарылоосуз организмге узак убакыттан бери кол салса, вирустарга бактериялар кошулушу мүмкүн. Көбүнчө тамак оорунун “күнөөкөрлөрү” стрептококктор (алар тонзиллиттин оор формаларынын өнүгүшүнө алып келет) жана стафилококктор болот. Мындай инфекциялар негизинен кеңири спектрда таасир берүүчү антибиотиктердин жардамы менен дарыланат.

Тамак оорунун пайда болушунун дагы бир себеби – Candida түрүндөгү ачыткы өңдүү мите козу карындар. Кандидоз тамакты салыштырмалуу сейрек жабыркатат, негизинен бул иммунитет начарлаганда болот. Мите козу карын инфекциясы ооз көңдөйүнүн микрофлорасы бузулганда (көбүнчө бул антибиотиктерди ичкенден кийин болот), ошондой эле химиялык терапия курсунан кийин пайда болушу мүмкүн.

Тамак оорунун пайда болушуна ар кандай инфекциялар гана эмес, башка себептер дагы алып келет. Бул өтө муздак же өтө ысык абадан улам былжырдын дүүлүгүүсү, мурунга тамырды ичкертүүчү тамчыларды колдонуу, химиялык дүүлүгүү, чылым чегүү ж.б. Мындай ооруну заманбап дарылар четтетүүгө жардам берет.

Тамактагы катуу ооруну эмне менен дарылоо керек

Тамак ооруну дарылоо жолдору жана дарылоо үчүн дарыларды тандоо бир нече фактордон көз каранды болот. Биринчи кезекте бул жагымсыз сезимдер пайда болгон себеп. Эгер бул бактериялык инфекция болсо, анда дарыгер аны дарылоо үчүн антибиотиктерди дайындайт. Калган учурда вируска каршы же мите козу карындарга каршы каражаттарды, ошондой эле сезгенүүнү, шишикти жана оору синдромун четтетүүчү компоненттери бар дарыларды пайдалануу жетиштүү.

Тамактагы ооруну четтетүү үчүн ар кандай формадагы дарылар бар: спрейлер, соруу үчүн таблеткалар, чайкоо үчүн эритмелер. Комплекстүү таасирге ээ болгон, ооруну жана сезгенүүнү жоготкон жана узак убакыт пайдаланууда натыйжасын сактап калган дарыны тандоо керек.

Септолете тотал – тамак ооругандагы комплекстүү чечим.

Жутканда тамактагы ооруну же ангина, грипп, КРВИ пайда кылган ооруну эмне менен дарылоону билбей жатасызбы? Тамак ооруну дарылоо үчүн жаңы дары сатыкка чыкты. Тамактын сезгенүүсүн жана кызаруусун комплекстүү дарылоо – бул Септолете тотал.

Соруу үчүн таблеткалар чоңдордо жана балдарда колдонууда ыңгайлуу, жагымдуу даамга ээ жана курамында кант жок, ошондуктан кант диабети менен оорулууларга дагы дайындоого болот. “Септолете тотал” тез жана натыйжалуу дарылоону камсыздайт, анткени курамында эки активдүү компонент бар. Антисептик жана сетроиддүү эмес сезгенүүгө каршы каражат тамак кычышканда же үн жоголгондо жардам берет. “Септолете тотал” оору сезимдерин тез жоготот жана вирустарга, бактерияларга жана мите козу карындарга таасир этүү менен инфекциялардын себеби менен күрөшөт.

Аргумент.kg