Дүйнө кабарларыКоом

Талибдердин өспүрүм кыздарды зордоп аялдыкка алып жатат делген видео тарады

Интернет тармактарында Ооганстанга толук көзөмөл орноткон “Талибан” кыймылынын согушкерлери аймактардагы өспүрүм кыздарды күч менен аялдыкка алып жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бул тууралуу айрым чет элдик басылмалар өздүк булактарга таянуу менен бир катар маалыматтарды чыгарып, окуя боюнча жашыруун тартылган видеолорду да бөлүшүп жатышат.

Чет элдик гезиттердин бири “Талибан” кыймылынын аскер башчылары көзөмөлгө алынган аймактардын аксакалдарынан турмушка чыга элек аялдардын жана жаш кыздардын тизмесин жазып берүүнү талап кылып жатышканын жазып чыкты. Алар өз жоокерлерине аял алып берүү үчүн ушундай иш-аракеттерди жасап жатканы да айтылды.

Жарыяланган маалыматка караганда талибдер айылдарда үймө-үй кыдырып, жаш кыздарды күчкө салып эле алып кетишүүдө. Айылдын аксакалдары мурда мындай көрүнүшкө 15 жаштан 45 жашка чейинкилер эле туш болуп келсе, бара-бара 12 жашар өспүрүм кыздар да талибдердин мындай жоругуна илинип жатканын айтып чыгышкан.

Ошондой эле аталган аймактарда көптөгөн кыз-келиндер үй-жайын таштап качып кетүүгө аргасыз болуп жатканы тууралуу кабарлар тарап жатат.

Дагы бир маалымат булагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактан качып чыккан 22 жаштагы журналист кыздын айтып бергендерин жарыялады.

Анын айтымында, ага менеджери чалып, белгисиз номерлерге жооп бербөөнү жана тез арада шаардан качып чыгып кетүүнү эскерткен. Ал таекеси менен бирге шаардан качып чыгып, жакынкы айлдардын бирине барган. Бирок, талибдер алардын турган жеринен кабардар болуп калышкан. Талибдер эгерде кыз ал жерден табылып калса, бүтүндөй айылдын тургундарын жок кыларын айтып коркутушкан. Бирок, кыз жана анын таекеси ал жерден да из жашырып кетишкен.

Ошондой эле, буга чейин талибдер басып алган аймактарда катаал Ислам эрежелерин орнотуп жатканы да маалымдалган. Маселен, эркектерге сакалын алууга, өлкөнүн желегине түспөлдөш кийимдерди кийүүсүнө тыюу салынган. Ал эми аялдарга милдеттүү түрдө оромол (хиджаб) кийип жүрүү жана күйөөсү жок көчөгө жалгыз чыкпоо сыяктуу эрежелер киргизилген.

Ал эми “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү жогорудагыдай маалыматтар боюнча билдирүү таратып, аларды толугу менен четке кагууда.

 

Булак: Супер.кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *