Таластыктар Бишкек шаардык милициясын басып баратышабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Уй боорлуктан, туугандашуудан сөз улайлы. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин эки орун басары жана Свердлов РИИБ начальниги Азамат Байгазиев, Октябрь РИИБнин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу таластыктар. Баракелде! “Кол ийрисине тарткан” жердешчилик күчөп баратабы? Эми Азамат Ногойбаевдин ордуна дагы бир таластык (ИИМдеги баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыктын башчысы) Улан Султанов Бишкек ШИИБ жетекчилигине дайындалса, куп жарашып калчудай. Мындай “тамырлашуу” тарыхта болбоптур! Эми булар жогорку кызматтагы жетекчилер. Андан ары санай берсек арбып кетет. Гезиттин кийинки сандарында толуктайбыз…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg