Таластан кармалган илбирс Бишкекке алынып келинди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар болгон ак илбирсти кармашты. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар дарактын башына чыгып алган илбирсти көрүп, экотехинспекциянын кызматкерлерине маалымат беришкен.
Андан соң Экотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын жардамы менен илбирсти дарактын башынан түшүрүшкөн.
Өздүк булактар кабарлагандай, кармалган илбирсти Экотехинспекциянын жана Германиянын Жаратылышты коргоо уюмунун кызматкерлери (НАБУ) 10-январга караган түнү Бишкекке алып келишкен.
“Учурда дарыгерлер илбирстин ден соолугуна текшерүү жүргүзүп жатышат. Ал ар кандай жаракаттарды алган. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыкса жырткычты кое берүу жагы каралат”, – деп Репортер.кж билдирди.

Аргумент.kg