
Таластагы базар окуясы боюнча, экинчи шектүү кармалды
02-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТалас районуна караштуу мал базардан ууру кармалган видео тасмалар ,социалдык тармактарга тараган.Бүгүн,2-майда Талас ООИБ экинчи шектүү кармалганын билдирди.
Маалым болгондой , кылмышка катыштыгы бар экинчи шектүү катары ,1981-жылы туулган жаран кармалган.
Эскерте кетсек, 30-апрель күнү 1993-жылы туулган Ш. уулу Э. жаранды мал базарда жүргөн адамдар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган”-деп, электр мамыга колунан жана белинен жип менен байлап, ур-токмокко алышкан.