Таласта жардыларга жана майыптарга бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз алып алышкандар жоопко тартылышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Таласта жарды жана майып адамдарга бөлүнгөн ири өлчөмүндөгү акча республикалык бюджеттен  мызамсыз чыгарылып кылмыштары аныкталган.

Маалыматка ылаык, «мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн. 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген», — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын кызмат адамдары Н.Н.А. , Ч.Л.К. , Х.Л.Н. , К.Т.С. , С.Г.А. жана «Кыргыз почтасы» мекемесинин Талас райондук филиалынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 346 («Кызматтык жасалмачылык»), 379-беренелеринде («Документтердин жасалмасын жасоо») каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg