Талашка түшкөн «мыйзамдуу» жер 100дөй үй-бүлөнүн көз жашын көлдөтөбү…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жети жыл мурун жүздөн ашык жаран Бишкектин четинен турак жай курууга берилген жер тилкелерин сатып алышкан. Бирок алар бул кыймылсыз мүлктү азыркыга чейин толук пайдалана албай укук коргоо органдары менен соттошуп келет. Чүй облусунун Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы 2010-жылы Новопавловка айыл аймагынын 481-контурундагы 105 жер тилкесине турак жай куруу үчүн мамлекеттик акты берген. Кийин ал жерди жүздөн ашык жаран 3000-4000 АКШ доллардын айланасында сатып алып үй кура баштаган.
Алардын бири Таалай Абасов жер тилкесин колуктусу менен Москвада иштеп жүрүп 2010-жылы алган. Бирок 2014-жылы Сокулук райондук прокуратурасы алардын мамлекеттик актысын жана сатып алуу боюнча келишимин жокко чыгаруу доо арызы менен Чүй облустук райондор аралык сотуна кайрылган.

«Качан үйүбүздү алдырып коебуз деген кооптонуу бар. Батирге көчүп-конбой эл катары жашайлы деп сатып алганбыз. Башка жерден алсак болот эле, бирок издеп жүрүп кызыл китеби бар дегенинен ушул жерди алгам. Эми кызыл китепти жокко чыгарабыз деп жатышат», — деди Абасов.

Ал ошондой эле прокуратура менен үч жылдан бери соттошуп жүрүп чарчагандыгын кошумчалады.

Булак: Спутник

Аргумент.kg