Талас: Өз үйүндө жыныс мүчөсү кесилген адам ооруканадан чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 6-декабрда Бакай-Ата районунда кошуналардын чырынан улам, бирөөсү жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирген.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата райондук биргелешкен ооруканасынын хирургия бөлүмүнө 6-декабрь күнү 1973-жылы туулган У.М. мас абалда жеткирилген. Ага дарыгерлер мээси чайкалып, башынан жаракат алып, жыныс мүчөсү кесилгенин аныкташкан. Ага операция жасалган. Ал бейтап 9-декабрь күнү өз каалоосу менен ооруканадан чыгып кеткен.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

«Бакай-Ата районунун ооруканасынан 6-декабрь күнү билдирүү келип түшкөн. Анда Бакай-Атанын 1973-жылы туулган тургуну У.М. криминалдын белгилери менен түшкөндүгүн билдирген. Аталган факты Бакай-Ата РИИБде каттоого алынган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Айылдаштарынын айтымында, ооруканага түшкөн адамдын үйүнө кошуналары (1 аял, 2 эркек) конокко барган. Ал жерде кызганыч себеп болуп чыр чыгып, натыйжада үй ээси ооруканага түшкөн.

Аргумент.kg