Талапкер Муктарбек Айткулов жер сатуу афёрасына айыпталышы мүмкүнбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ленин округунан талапкер Муктарбек Айткулов президент Садыр Жапаров менен жолугушууда коркок-билиштигин, кошоматтыгын көрсөттү. Бийлик астында эмнеге бүжүрөп атты дейсиз? Айрым маалыматтардан алсак, ал айыл өкмөт болуп жүрүп, Арча-Бешиктеги жерлерди жашыруун сатканбы? Социалдык объектилер курула турган жерлерди “мойсогонбу”? Бул суроолорго терикпей жооп бере алабы? Муктарбек Айткулов көпчүлүктөн колдоо ала албаса да, “атың чыкпаса жер өрттө” таризинде алдыга умтулууда. Аналитиктердин баамында, шансы өтө төмөн экени айтылууда. Кызыгы, бул шайлоодон кийин артындагы “кыңыр иштери” чукулуп, тергөөгө алынабы? Же “кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти” деген таризде жанын сактап калабы? Көрө жаталы. Айтор, арсар ойлор ала качат… «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg