Талант Мамытовдун спикер болгону – баягы эле “чалчыктан” чабак урганыбыз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Талант Мамытовго оомат келип, убактылуу мамлекет башчынын милдетин да аткарды. 6-чакырылыштын аягына чейин спикерликти минип отурду. Бирок, өзүн көрсөтө алган жок. Жаңычыл идеясы, демилгеси жок экени, болгону аткаруучу катары сыпатталган. Натыйжада, кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасына шайланганы көпчүлүктү нааразы кылды. Себеби жөнөкөй. Көнүмүш элпектиги, бир жактуу иш алпарууга ыктаганы, буйрукту кынтыксыз аткарары бизге айкын. Канчалык деңгээлде парламенттин аброюн көтөрө алары белгисиз. “Же эт эмес же чел эмес” дегендей, дал ушундай кадрлар өткөөл мезгилде керек тура. А иш жүзүндө мамлекеттин аброюн арбытууга дарамети бар, элдин кызыкчылыгы үчүн жан үрөй турган төрага шайланганда, кеп башкача айтылат эле да. Туурабы? Кайра эле баягы “чалчыктан” чабак ургандай образдуу кейиптен кете албайт окшойбуз.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg