Тагдыр: Жигитим мени сойку кылды…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

—Атым Асел 24 жаштамын. Ата-энем мен кичинекей кезимде эле авариядан каза болуп калышкан. Мени жана инимди таежем багам деп колуна алган. Биз жашаган үйдү болсо арзан эле сатып жиберген. Мектепке киргичекти таежем денебизден көк кетирген жок. Күндө сабайт. Колу ооруса үбөлүк менен сабайт. Ал аз келгенсип, балдары “Силер жетимсиңер. Өзүңөрдүн үйүңөргө кеткиле” – деп апасы жокто сыртка кууп салышат. Иним экөөбүз үйүбүзгө кетели десек, дарегибизди билбейбиз. Алардын баарына чыдап эптеп мектепке кирдик. Бир күнү мектептеги тазалык сектору жакабызды текшерип жаткан болчу, менин жакамды карап атып мойнумдагы көктү көрүп эжеге айтты. Анын мурунку күнү “үйдү жакшылап жыйнабайсың” деп таежем мени муунткан эле, көгөрүп калыптыр. Эже келип мени катуу суракка алды. Таежемдин урганы туурасында такыр айткан жокмун. Анан айласы кетип мени директорго алып барды. Директор милиция чакыртып таежемди мектепке алып келишти. Мени заардуу көздөрү менен караган таежем өлөөрчө актанып мени муунтмак турсун мага катуу сүйлөбөөрүн айтып карганып жатты. Кошуналарды да сураака алганда, жакын жашаган кошуна таежемдин бизге кылган мамилесин айтып берди.
Балдар үйүнө барганда жыргадык
-Таежемди камап, бизди балдар үйүнө жеткиришти. Ал жактан эч ким бизди урбай, тагдырлаштарыбыз менен окуп жүрдүк. Таежемдин тепкисинен жалкып калып, балдар үйүнө барганда кадимкидей жыргап эле калдык. Иним менин артыман өсүп келе жатты. Мектепти бүтүп, университетке тапшырганы шаарга келдим. Бюджет эмес контракка өттүм. Контракты төлөш үчүн официант болуп бир кафеге орношуп алдым. Күнүгө 300 сом таап келем. Кээде 1000 сом табам. Инимди бакканга жетет, контрагыма кичине жетпей калып атты. Түнү менен иштегендиктен сабак учурунда уктап калып жаттым. Биринчи жылы жакшы окудум, 2-курста сабакка көп барбай атып окуудан чыгып калдым. Официант болуп иштеп жүрүп Руслан аттуу жигит менен тааныштым. Ал күндө мен иштен чыкканда квартирама чейин машинеси менен жеткирип коет. Иниме боору ооруп өзүнүн кийимдерин алып келип берет. Иши кылып мага жакшы мамиледе болуп жүрдү. Ошондо эле анын чирик адам экенин билгенимде аны менен сүйлөшмөк түгүл жанына жакын жолбойт болчумун.
Жигитим сойкуканага алып барып…
— Кыш болчу. Иштен чыгып үйгө кетип баратсам Руслан машинеси менен мени тосупалды. “Асел, мени менен конокко барып келчи. Бир-эки саат отуруп эле анан үйүңө жеткирип коем” – дегенинен макул болуп конокко бардык. 2 кабаттуу особняк экен. Кирсек эле ал үйдүн босогосу нан тамекинин жыты буркурайт. Ары жакта бильярддын столу. ” – десем. “Ооба, дал өзү. Сендей чүрөктү көптөн бери капканга түшүрө албай жүргөм. Бүгүн кылтакка өзүң илиндиң байкушум. Сенин куткарып кетээр эч кимиң жок. Сени башка өлкөгө сатсак да колуңан эч нерсе келбейт. Сен деген бир байкушсуң ” – деди. Бул өңүмбү же түшүмбү билбей, башым айланып, көзүм караңгылашып жыгылып калыптырмын. Бетиме тарсылдатып чапкылап атканынан ойгонуп кеттим. “Калп эле анткорлонбо! Эгер иниңдин тирүү калышын кааласаң, биз айтканды кыласың болбосо, иниңди ит аткандай атып салам!” – деди да сыртка чыгып кетти. Менин инимен башка эмнем бар! Эптеп аны аман алып калуунун айласын ойлоп булардын айтканына көндүм. Иштеген акчамдын 20 пайызын иниме берип турмай болушту. Иним менен телефон аркылуу кээде гана сүйлөшөм. Ошондо да Расулдун жанында сүйлөшөм. Жакында барам деген гана кепти айтам. Иним болсо эжем келет деп күтүп жүрөт байкушум. Күнүнө 3-4 кардарын тейлейм. Эркектердин эшек экенин ошондо билдим. Айбанга да мындай мамиле жасабаса керек. Аракка тоюп алып каалаганын жасатышат. Кээ бири сабайт, тепкилейт. Эптеп чыдап жүрдүм.
Милиционерлерге ырахмат

-Бир күнү биздин сойкукананы милиционерлер билип калып баарыбызды Расулду баш кылып кармап кетишти. Абдан сүйүндүм. Ар бирибизди бирден суракка алып, кыздардын документтерин беришти. Бирок, кайрадан сойкуканага барып иштей турган болсо түрмөгө камай турганын эскертишти. Аларга ыраазы болуп документимди колго алып иниме чуркадым. Иним өзү иштеп кичине акча чогултуп жүрүптүр.
Биз жашаган квартирадан көчүп кеттик. Азыр Дубайдабыз. Англис тилин мектептен эле жакшы үйрөнүп алганбыз. Шаардан туристтик агенттиктерден Дубайда жумуш бар дегенинен тест тапшырып өтүп кетип, бул жакта дүкөндө иштейбиз.
Арабызда ата-энебиздин жоктугу гана болбосо азыр буюрса абалыбыз жакшы. Бардык жаман күндөр артта калды. Иним экөөбүз бул жактан үй алдык. Эми-эми жашоонун кандай керемет экенин сезип жатабыз.
 
Чагылган

Аргумент.kg