Тагдыр: «Сойкуканага барып,өз аялымды таап алдым»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Италиянын Рим шаарында адаттан тыш окуя болгонун Il Giornale Italiano басылмасы жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, өткөн дем алыш күндөрдүн биринде 49 жаштагы Жорджио аттуу адам 37 жаштагы жубайы Терезага достору менен жолугарын, үйгө эртеси келерин айтып чыгып кетет.
Ал чынында достору менен бир аз отурган соң өзүнчө көңүл ачкысы келип, шаар аралап жөнөйт. Мурда да Римдин белгилүү районунан сойкулардын кызматын пайдаланып жүргөн бу киши эми башка тарапка баргысы келип, Христофор Колумб көчөсүн көздөй бет алат.
Анан кызыкты көрүп ал: токтогон машинеге биринчилерден болуп шиш така менен кыска юбка кийген бир аял чуркап келет, ал өз аялы Тереза болуп чыгат. Ошол жерде эрди-катын ызы-чууга түшүп, жакалашканга, бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барат. Алардын уруш-жаңжалы полиция аралашканда гана басылат.
Кийин бул аял эри үйдө жок болгон учурда денесин соодалоо менен шугулдана калып жүргөнү белгилүү болот.
Аргумент.кж

Аргумент.kg