Тагдыр: «Көз ирмемдер мурун сүйлөшкөн күйөөм жол кырсыктан каза тапты»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шамалдуу күздүн муздак түнү. Түнкү саат экилерден өтүп калган. Телефон шыңгырады.
— Кандайсың? Кандай отурасың, сүйүктүүм! — тааныш коңур үн.
— Кандайсың? — Алима жылмайды.
— Мен жок кантип жатасың? Мынча кеч чалды деп чочуган жоксуңбу?
— Аа, жо-ок. Келе жатасыңбы? Аябай күттүрдүң го. Аябай сагындырдың го…
— Аз калды. Аз гана калды, эки-үч саат аралыгында үйдө болуп калам. Сүйлөшөлүчү, Алима. Он сааттан бери рулда келе жатып аябай чарчадым. Сенин сүйлөгөнүң жанымда отургансып күч берип жатат.
— Сүйлөшөлү. Жана да эч нерсе айткан жоксуң. Командировкаң кандай аяктады? Жаныңда сулуу кыздар болдубу? (Күлдү).
— Ушундай да тамашалайсыңбы? Мен сени кандай гана жакшы көрөрүмдү билсең кана? Башкаларды карагым да келбесин билсен кана?
— Ошондойбу?
— Ошондой да. Жумушум тууралуу сурасаң ойлогон көп иштерим бүттү. Бул иштерден кийин аз да болсо айлык акым көтөрүлөөр деп сүйүнүп келе жатам. Өзүң жөнүндө айтчы, ден соолугуң кандай? Өзүңдү кандай сезип жатасың? Биздин Туюкбай курсагыңды тепкилеп жатабы?
— Тепкилеп жатат. Качан сенин үнүңдү укканымда тынчып, тыңшап калчу эле, азыр негедир мурдагыдан катуу тепкилеп жатат го… Эмне үчүн кеч чыктың? Жакшы эс алып эле эртең менен чыкпайт белең. Ишим деп канча күндөн бери жакшы эс ала алган жоксуң го? Эмнеге беймаал чыга бердиң?
— Мейманканага чейин бардым. Жанына жеткенде кайра ойлонуп кеттим. Жолоочунун жолдогусу жакшы дедим. Сага тезирээк жетейин дедим. Жолдо сергек эле жакшы келе жаткам, анан негедир көзүм жабышып, абдан чарчаганым билине баштады. Уктап кетпейин деп анан сага чалдым.
— Ии, мен корко баштадым. Бир аз токтоп эс алып алчы… — тү-үт… тү-үт… Негедир ортодо байланыш үзүлүп кетти. Алима Акбарга кайра-кайра чала баштады. Тү-үт… Тү-үт… таптакыр байланыш жок.
Арадан бир нече мүнөт өткөндө кайрадан телефон шыңгырады. Акбар чалып жатат. Ар кайсы жаман ойго жетеленген Алима сүйүнүп кетти.
— Алло, Акбар, эмне болду? Чочуттуң го адамды.
— Алло, саламатсызбы! Акбар Асангазиев сиздин кимиңиз болот?
— Эмне болду Акбарга?! Менин күйөөмө эмне болду?! Сиз кимсиз?
— Кечириңиз. Кайрат кылыңыз, биз жолдогу эле адамдарбыз. Жол кырсыгы болуп кетти. Биз аябай аракет кылдык, бирок куткаралбай калдык…
— Жок! Жо-ок, сиз жаңы жаңылышып жатасыз. Мен Акбар менен жаңы эле сүйлөшпөдүмбү? Сиз башка бирөөгө алмаштырып жатат окшойсуз… Чаташып калдыңыз окшойт… — Алима бакырып-өкүрүп ыйлап жатты. – Акбар, Акбар, мага жооп берчи?! Үн катчы, сен эки сатта үйдө болуп калам дебедиңби? – тү-үт… тү-үт… телефон кайрадан өчүп калды.
— Ишенбейсиңерби, Акбар менен эми эле сүйлөшпөдүмбү! Ал азыр келип калат… — Алима буркурап-боздоп ыйлап жатты…
Ал үйдү көздөй кандай гана шашып келе жатты эле. Үйгө эрте жетүүнү аябай каалап келе жатпады беле? Шашам деп өлүмдү да байкабай калдыбы?
*
Ар бир март айынын ортосунда Алима Акбардын бейитине келет. Уулу Айдар Акбарга куюп койгондой окшошун айтпа. Кичинекейинен эле акылы зирек Айдар бейитке келип атасы менен сүйлөшөт. Атасы менен апасы бирин-бири ушунчалык жакшы көргөнүн кичинекей жүрөгү сезип турат. Ата-энеси анын жарык дүйнөгө келишин ушунчалык күткөнүн билип турат. Бейитке ар бир келген сайын божурап бала бакчадагы болгон окуяларынын баарын айтып берет. Футбол ойноп биринчи кантип гол киргизгенин, апасына кантип жардам бергенин, кайсы тамгаларды тааныганын – баарын айтат. Бейиттеги сүрөттө 25 жаштагы Акбар түбөлүк жапжаш бойдон жылмайып күтүп алат. А жылдар өтө берет. Мезгил уча берет… Алима азыр да, канча бир жылдар өтсө да Акбар телефон чала тургансып же жылмайып сырттан кирип келчүдөй күтө берет… А жылдар өтө берет… Мезгил уча берет…

Аргумент.kg