ТАГДЫР: Апамды сүйбөгөн атам бизди азапка салууда…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин ата-энем жаш кездеринде эле баш кошушкан экен. Атам апамды башынан эле сүйбөптүр. Апам, атам экөө жаңы турмуш курушканда катары менен эки балалуу болушуп, экөө тең чарчап калат. Убакыт өтүп, бир уул, үч кыздуу болушуптур. Мен биринчи кызымын. Эс тартып чоңоюп калдым. Атамдын кылыктарын түшүнө баштадым. Атам апамды катуу урчу. Кичинекей болсом да бир бурчка тыгылып отуруп, ал оор күндөрдү көрүп калдым. Апамдын өтө олуттуу оорусу бар экенин жакында билдим. Атамдын ойноштору бар экенин да билип калдым. Атамдын бул кылыгын эстесем, көңүл жылыбайт. Апам үчүн жүрөгүм ооруйт. Биз жаңыдан талпынып бой жетип келе жатканда минтип дартка чалдыкты. Жашоосунан жыргаган деле күндөрү болбоду. Бүгүн деле атамдын апама болгон мамилеси жүрөгүмдү оорутат. “Ажырашып эле алгылачы?” деп айткым келет, бирок оозумду таптап барып айта албайм. Сыртка чыгып боздоп ыйлап алам. Мындай күндөр канчага созулаар экен?..
Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg