Таенемдин бул сөзүнөн кийин аялымды тынч коюну чечтим

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Билбейм, эмнени туура эмес кылдык. Эч эле жашай албай койдук. Көп жолу уруштук. Балалуу болдук. Дагы уруштук. Дагы балалуу болдук. Уруш күчөдү.

Аялым мени сүйбөй турганын айтты. «Жашай албайм» деп кетип калды. Мен албетте кое бербедим. Балдарды бербейм деп коркуттум. Күн сайын телефон чалам. Жалдырайм. Кайра жаман сөз айтам. Артынан түшүп алдым.

Жалдырады. «Келбечи» деп суранды. «Балдар үчүн тынч койчу» деп суранды. Мен баары бир кайтаргым келди. Кое бергим келбеди. Меники кылам дедим.

Жашырганда эмне. Ызаман ичип алдым. Үйгө жөө келдим. Таенем бул кейпимди көрбөшү керек эле. Айылдан келип калган тура…

— Балам, «тагдыр» деген нерсени билесиңби?

— Эми, башка жазган нерсе да, таене.

— Туура балам, эгер бир нерсе сага насип болсо, сен эч нерсе кылбасаң деле сеники болот. Эгер бир нерсе сага насип болбосо, канча аракет кылба, канча кыйналба, канча азап чекпе, ал сага буйрубайт. Кемең деңизде багыты жок сүзүп жүрөт. Балким, рулду колго алганга убакыт келди.

Кое бердим. Канчалык кыйын болбосун кое бердим. Балдар үчүн жакшы мамиле сактап калалы дедим. Аялым рахмат деди.

Насип эмес экен.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg