Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев менен биригүүдө Бабанов ага бел болуп бере албайт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

экендигин жашыра албай, “Мен ката кетирген экем” дегендей кептерди айтты. Саясат таануучу катары Атамбаевдин маегин кандай кабыл алдыңыз?
— Өкүнүчтүүсү, Атамбаев мурдагысындай эле элди түндүк -түштүккө бөлүүгө аракет кылды. Ошондуктан, С. Жээнбеков түштүктүк деп аны колдогом деп билдирди. Өзүн түндүктүк байкуш кылып, түндүктүк электоратка ойногусу келди. Чын-чынына келгенде Атамбаевдин тегерегинде С. Жээнбеков жана А. Жээнбековдон башка президенттикке коюуга дайын киши жок болчу. Атамбаев баамдап жүргөн С. Исаков менен А. Сегизбаевдер уттуруп жибермек. Алар “публичный” саясатчы боло элек болчу. Өзү экинчи мөөнөткө баруудан корккон. Айла жок С. Жээнбековго токтолгон.
— Маек саясий өңүттөн өз максатына жетти деп ойлойсузбу?
— Атамбаевдин маегинин жаңырыгы угулган жок десем туура болчудай. Ал мурдагысындай жарым Кудай позицияда сүйлөп жатты. Бабановдун кылмыш иши сөзсүз токтотулушу керек деп жеке өзү сотсуз эле чечим чыгарып койду. Эмнеге деген суроого бир эле жооп. Анткени муну жарым Кудай Атамбаев айтып жатат. Ал акыркы инстанция. Ал тергөөчү, прокурор, сот да, ал баары. Атамбаев мурдагы маегинен кийинки кептерге жооп берип жаткандай байкалды. Өзгөчө Н. Түлеевдин билдирүүлөрүнөн кийинки монологго окшотуп жатты. Бирок, мунусу менен Атамбаев эч нерсе утпады. Н. Түлеев мурдагысынан да өтө күчтүү фактыларды айтып, арак ичкенин, С. Жээнбеков, В. Путиндер тууралуу ар кандай сөздөрдү айтып, ачууга алдырганын саймедиреп салды. Бабановду коркок деп сокконун айтты. Ошондой болгону менен бул жолу Атамбаев көп сүйлөй алган жок. Анын үстүнө билдирүүлөрүнүн баары эле белгилүү темада болду. Өзгөчөлүгү 3–4 адам боюнча билдирүүлөрдү жасады. Мисалы, С. Исаков, Ө. Текебаев, Ө. Бабанов жана А. Мадумаров жөнүндө айтты. Атамбаев бул жолу да ТЭЦтеги авария боюнча С. Исаковду коргоп жатты. Бул жолу “Мен акча алып келгем, балким кимдир бирөө акча жесе, анда өзү жооп берсин” деп кесе айтты. Ошол эле учурда С. Исаковдун мында кыпындай да күнөөсү жок деген оюн бышыктагысы келди. Бул өңүттөн алганда, А. Атамбаев эгер С. Исаков кесиле турган болсо, анда анын артынан укуруктун учу мага да тийип калбасын деп чоочуркагандай. С. Исаковго буйрукту Атамбаев гана бере алган да. Демек, бул жерде проблема бар экени көрүнүп турат. Ө. Текебаев жөнүндөгү билдирүүсүндө өткөндөгү пикирин жаңыча бышыктагысы келгендиги байкалып турат. Ал Текебаевдин камалганын мыйзамдуу болду, бирок, мен аны мыйзамдарды бузуп каматпай эле койсом болмок деп айтты. Ошол эле учурда Текебаевдин укук коргоочулардын арасында душмандары болушу мүмкүн деп өзүнүн заказы эмес деген ойду кылтыйтып койду. Мунусу менен Атамбаев Текебаев эркиндикке чыккандан кийин эмне кылып жиберет деп коркуп жатканын билгизип алды. Себеп дегенде соцтармактарда Текебаев чыкса АШАны каматат деген кызуу талкуулар жүрүп жатат. Текебаев гана Атамбаевдин кылмыштарын далилдей алат дегендей ой-пикирлер жайнап жүрөт. Атамбаев Мадумаров менен Бабановду өлкөдөгү абалды курчутуш үчүн пайдалангысы келип жатканы белгилүү болду. Атамбаев Мадумаровдун шайлоолор боюнча айткандары туура деп белгиледи. Мунусу менен ал Мадумаровду колдонуп «тизмегейтке» элди ишендиргиси келип жатканын билүүгө болот. Ө. Бабановду өзүнө кошуп алгысы келип жатканы кашкайып көрүнүп турду. Бул боюнча ал өзү (Атамбаев) Жээнбеков жана Бабанов үчөөбүздүн ортобузда сөз болгон, ошон үчүн Ө. Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен деп элди таң калтырды. Бирок, шайлоолор учурунда Атамбаев Ө. Бабановду өзү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылганын билгизгиси келген жок. Саясатчылар Ө. Бабановду өлкөдөн чыгарып жиберип, Атамбаев чоң утушка жетишүүнү көздөгөнүн айтышат. Биринчиден, аны Кыргызстандын саясатынан биротоло чыгарган. Экинчиден, Р. Отунбаеваны колдогон олигархты жок кылып, аны алсыраткан. Үчүнчүдөн, Бабановду чыгарып жиберип, анын ордуна С. Исаков менен А. Сегизбаевди түндүккө жаңы лидер кылмакчы болгон. Анан экөөну улам алмак-салмак премьер кылып, кайра-кайра алмаштырып, өлкөнү 2040-жылга чейин өзүнүн жана булардын контролунда кармап турууга ниет кылган. Атамбаевдин командасы баары тең 2040-жылга чейин бизге эч ким тие албайт деген чоң ишеничте болушкан. Ошондуктан, булар эч нерседен коркпой-үркпөй эле декларацияларына бардык байлыктарын көргөзбөй эле жүрө беришкен.
— Атамбаев өзүнүн маегинде Атамбаев-Жээнбеков-Бабановдун ортосунда сүйлөшүүлөр болгонун, ошого Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен деп билдирди. Р. Казакбаев да мындай сөздөрдүн болгондугун тастыктады. Ал Бабановду жакында өлкөгө кайтып келет деп айтты. Ө. Бабанов өлкөгө кайтып кирүүсү менен саясий абал курчушу мүмкүнбү?
— Бабановдун өлкөгө кириши өтө татаал го деп ойлойм. Р. Казакбаев Бабановдун келишине кызыкдар. Ошого ал мен пикир алмашуулардын кандай негизде жүргөндүгүн айта албайм деп койду. Бирок, ал Бабанов өлкөгө кирбей калса, чоң саясаттан чыгып калам деп чоочуркап турган чагы. Атамбаев менен Казакбаев Бабанов өлкөгө кирсе, саясий абал бир аз курчуйт эле деп атайылап чатак болчудай билдирүүлөрдү жасап жаткандай байкалууда. Кыязы, Атамбаев Мадумаров менен Бабановду өзүнө бекеринен кошуп алгысы келип жаткан жок. Мадумаров да, Бабанов да президенттик шайлоолорго катышышкан. Ошондуктан, булардын шайлоодо мыйзам бузуулар болгон дегенин ачыктап, «Тизмегейтти» чындыкка айландырып, ага чыныгы документтей мамиле кылууга жетишүүнү көздөп жатат. Мына ошондо, Атамбаев өлкөгө бүлүк салып, чоң чатак чыгарууга жетишем деп жатышы мүмкүн. Ошого Атамбаев Бабановдун өлкөгө киришин каалап жатат. Ө. Бабанов менен Р. Казакбаев да Атамбаевди пайдаланып, кылмыш иштерин жаптырып, өлкөгө киргизип алууну көздөп жатышы мүмкүн да.
— Демек, барып келип эле, булардын тандеминин максаты, акыры чатакка алып барып, кан төгүүгө багытталып жатышы мүмкүн экен да?
— Бир эсептен алганда ошондой көрүнөт. Себеби, Атамбаев Мадумаров менен Бабановду өзүнүн азыркы бийликке карата интригасына пайдалангысы келип жатат. Бир эсептен Атамбаев С. Исаков камала турган болсо, анда мен да камалып кетишим мүмкүн деп Бабановду пайдаланып, өлкөдө кооптуу абалды түзүп, камалбоонун аракетин кылып жатат. Бир эсептен Атамбаев Ө. Текебаев камактан чыккандан кийинки абалды да эске алууда. Ошондуктан ал өлкөдө кооптуу абал түзүүгө аракеттенгендей. Ө. Текебаев камактан бошоп чыккандан кийин Атамбаевдин бул картасы эч нерсеге жарабай калышы турган иш. Себеби, бүгүн эле Атамбаевди эч ким деле укпай калды. Ал эми ал мезгилде Атамбаев негизги саясий фигурант катары кабылданбай калат. Саясий оюндарга жаңы оюнчу Ө. Текебаев катыша баштайт. Текебаевдин негизги конкуренттери катары болуп Атамбаев, Бабановдор таанылат. Мына ошол маалда Атамбаевдин тандеми ыдыроого дуушар болушу толук мүмкүн. Атамбаев болсо биротоло критке кетет. Башкача айтканда Атамбаев менен биригүүдө Бабанов ага бел болуп бере албайт. Бирок, экөө тең муну өз кызыкчылыктарында пайдаланышат. Биринчиси Атамбаевди пайдаланып Кыргызстанга кайтып келүүгө аракет кылса, экинчиси, өзүнүн электоратын көбөйтүүгө далаалаттанат.
— Кечээ УКМК экс-вице-премьер Зилалиевди камакка алды. Анын банктык эсебинде 1 млн долларга жакын акча сакталып турганы, мындан башка өтө көп байлыктары, жакындарына каттаткан кендери бар экендиги белгилүү болду. Муну кандай түшүнсө болот?
— Зилалиевди Ф. Ниязовдун кадры деп коюшат. Ал мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигин башкарды. Мына ошол маалда көпчүлүк кендердин лицензиялары кытайларга жана түрктөргө берилди. Кыргызстанда кен байлыктар контролго алынбай эле таланып-тонолуп жатат. Чет элдик компаниялар кенди каалагандай чыгарып кетип жатышканын көп эле жазып жатышат. Ошого Зилалиевдин камалышына таң калбай деле койсо болот. Албетте, ал бул акчаларды, кендерди жана байлыктарды өзүнүн декларациясында чагылдырышы керек болчу. Бирок, Атамбаевдин командасы эч ким эч нерсени билбей калат деп ойлогон. Булар 2040- жылга чейин олтурабыз, ага чейин ким бар, ким жок деп ойлошкон. Булардын баарынын үстүндө Акүйдөгү бир чоң турган. Ал баарын “крышевать” эткен. Саясатчылардын айтымында Атамбаевдин тегереги акчаны үч багытта чыгарып кетип турган. Биринчиси, Дубай аркылуу акчалар оффшорлорго жөнөтүлгөн. Экинчиси Крым, үчүнчүсү Чехия аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылып кетип турган делет. Бизнесмендер буларга ошол жактарга барып, акчаларды оффшорлордогу эсептерине которуп турган деген сөздөр бар. Албетте, бул текшериле турган маалымат.
— Революция кылам деген лидерлердин баары эле бийликке келиш үчүн элди көтөрө береби? Атамбаев 2 жолу революция кылдым дейт, анда эмне элдин турмушу оңолбой жатат?
— Революционердин жүзүн анын тегереги көрсөтөт. Мисалы, Ленин ак падышанын монархиялык бийлигин кулатып, өлкөнү өзгөртүп, элдин турмушун жаңыртыш үчүн жанына ошол кездеги эң кыйын деген стратегдерди, теоретиктерди топтогон. Аларга Плеханов, Бухарин, Троцкий, Зиновьев, Каменев ж. б. кирген. Сталин буларга тең келе алган эмес. Ошого ал бийликке келип алып, буларды куугунтукка алган. Бухарин, Троцкий өлкөдөн качып кеткен. Бирок, Сталин согуш болоордо КГБга аны Бразилиядан таптырып өлтүрткөн. Зиновьев, Каменев репрессияга кабылган. Сталиндин учурунда миңдеген адамдар репрессияланып жок кылынган. Бакиев революция кылаарда Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, М. Ашыркулов, И. Болжурованы, Т. Тургуналиев, А. Атамбаев, А. Бекназаров, Б. Эркинбаев, М. Эшимкановду дагы толгон лидерлерди жанына топтогон. Бирок, бийликке келген соң булардын баары талаада калган. Бакиев өзүнүн бир туугандарын бийликке алып келип, Конституцияны өзгөртүп, өзүнүн бийлигин монархтыкындай кылып бекемдеп алып, акыры кулады. Атамбаев революция кылаарда Р. Отунбаева, Ө. Текебаев, А. Эркебаев, Т. Сариев, А. Бекназаровду ж. б. 14 адамдан турган лидерлерди топтогон. Бирок, бийликке келгенден кийин, Атамбаев бийликке өзүнүн шопурун, жансакчысын, секретаршасын, завхозун, жардамчысын алып келип, каалагандай бийлик жүргүзгөн. 2017-жылдын 31-августунда УӨ мүчөлөрүн, башкача атканда өзүнүн революциялык табакташтарын мыйзамсыз деп тааныган. УӨ төрагасы жана экс-президент Р. Отунбаеваны элдин көзүнчө «самозванка» деп, ал бийлик жүргүзгөн мезгилин мыйзамсыз деп жарыялаган. Кыргызстанда лидерлер революция кылабыз, элдин турмушун оңдойбуз деп жөн гана элди колдонуп, төңкөрүш жасап, бийликке келип, элдин байлыгын талап-тоноп жатышат.
Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg