Таарыныша кеткен кыз жигит 17 кабаттан кулаган
01-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМосквада бийиктиктен секирем деп кулаган эки кыргызстандык жаран аман калды. Бул тууралуу орусиянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта, Москва районунун 17 кабаттуу үйүндө мекендештери менен майрамдап жатышып, чогуу жашаган кыз жигит уруша кетишкен. Кыз терезеден секирмекчи болгондо жигит аны кармап калууга аракет кылган. Бирок экөө тең боюн токтото албай бийиктиктен кулап түшүшкөн. Учурда 26 жаштагы эркек жана 23 жаштагы аял оор абалда ооруканага жаткырылды.