Таанымал саясатчынын инисинен кош бойлуумун

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашым 21де. 17 жашымда турмушка чыгып жети айдай эле жашап ажырашып кеткем, балам жок. 18 жашымда Кыргызстанга таанымал саясатчынын бир тууган иниси менен таанышып калдым, ал менден 25 жаш улуу, үй-бүлөлүү…

Мен аны сүйүп калдым, калп айтканда эмне? Экөөбүз абдан жакынбыз. Андан боюмда болуп калды, «алдыр» деди алдырдым. Эки жылдан кийин кайра да ошол эле адамдан кош бойлуумун. Эми муну дагы алдыр деп жатат…
Кыргызстанга таанылган аттуу-баштуу эле адам. Бирок мен аны сүйөм. «Алдыр» деп жатат эмне кылсам?
Сүйгөн адамымдан уул төрөп алсамбы  деген таттуу кыялда жүрөм. Эми кандай кадамга барсам?

Аргумент.kg