Сылаңкороз Бопоновду «кой» дегиле

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаардык МАИ кызматынын башчысы Шайырбек Бопонов иш бөлмөсүн Италиянын эмеректерине толтуруп жатканын кабарлаган элек. Ремонтко, эмеректерге кеткен каражат кайдан алынды деген суроо ачык бойдон калган. Учурда сылаңкороз жетекчи кеткен чыгымдарды жабуу максатындабы же баягы Чүйдөгү эски адатын карматып жатабы айтор, кызматкерлер атайын “взнос” кылып акча жыйнай башташыптыр. Бопоновго окшогон сылаңкороздордун курсагын тойгузам деп жүрүшүп, милициялар көчөдө жыртык чокойчон калышты. Эми Бопоновду кой дегиле, ага берилген взноско ар бир кызматкер өздөрүнө бут кийим сатып алышсын.
Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg