Сыймык Жапыкеев: «Садыр мырза, Ассольго мамлекеттик сыйлык бериңиз!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Генерал Сыймык Жапыкеев бул жолу телеалыпбаруучу, коомдук ишмер Ассол Молдокматовага сыйлык берүүсүн айтып фейсбук баракчасынан жазып чыкты.

“Достор бир поддержка кылгылачы.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин Өлкөнү көтөрөм деген аракетинизге биз ортоктошбуз. Сизден өтүнөт элек, суранат элек бир чоң Мамлекеттик Сыйлык ээсин таппай жүрөт…

Сизге Рахмат, мага деле Генерал майор наамын ыйгардыңыз. Өтө оор мезгилге туш келдиниз, 30 жыл талкаланган тонолгон машинага миндиңиз, баарын түшүнүп турабыз. Ишиңизге ийгиликтер болсун.

Ушул пост Ассоль Молдокматова жөнүндө болмок. Ушул Айымдын Кыргыз Элине болгон эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль элге пайдасын эле тийгизип келетат. Баткен болсо Баткенде, пандемияда биринчилерден волонтер, пайдасы зор, канча деген балдарды акча таап окутту, чокутту. Россияда В.Зайцев, Ф.Киркоров, А.Пугачеванын юбилейлери, тойлору биздин кыргыз кызыбыз Ассолльсуз болбойт, Ассоль ошол жерде алып баруучу, Россия менимче заслуженный деятель культуры деп наам ыйгарды. Р.Кадыровко, В.Путинге, Р.Эрдоганга пандемияда Ассоль кайрылуу жазаганда баарысы жооп беришти. (Сыймактанам). Көп элдер ойлоду Ассоль шайлоого даярданып жатат деп, бирок Ассоль саясаттан алыс. Молодец!!! Урматтуу достор чынын айтсам Ассольдун баркын кыргыздар билбей койдук. Ассоль сизге мен лично рахмат айтам, ыраазычылык билдирем. .

Ассоль менен мен жакшы досбуз, бирок бул пост жүрөктөн чыкты. (Не заказной)

Урматтуу Кыргыз Өлкөсүнүн, Мамлекеттин, Элинин Башчысы Садыр Нуркожоевич, Сизден отунобуз Ассоль Молдокматовага татыктуу Мамлекеттик наам беруунузду Эл суранабыз. Сиз саясатчылар менен эмес эл менен эле болуңуз, эл сизди көтөрүп кетет. Бир жолу көтөрүп кеткен. Ишиңизге албан ийгиликтер кана болсун. Мен элге ишенем, эл да мага ишенет-деп жазат.

 

Аргумент.kg