Сыймык Жапыкеев элди алдап, карапайым калктын башын айлантып жатат…

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы буга чейин мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин 500 гектардан ашык жерин мамлекетке кайтарганын кабарлаган. Аталган мекеменин жетекчиси Сыймык Жапыкеев муну өзүнүн өтө чоң эмгеги катары кабарлаган.  Сарпашев мамлекетке кайтарды деген жер Токтогул районунун Торкен айылындагы 500 гектар жайыт экени  да кабарланган.

Тилекке каршы Жапыкеевдин бул маалыматы калп болуп чыкты. Аны токтогулдук журналист Баяна Кулова да Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. “Ал жерлер мамлекеттики эле болчу, болгону Сарпашевдер ижарага эле алынган жер. Кудайды карап калп айтсаңар боло кичине”, — дейт ал.

Ал эми «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерине ылайык жайыттар Кыргыз Республикасынын гана менчигинде турат. Муну менен Жапыкеевдин Сарпашев боюнча айткандары жөн эле калп болуп чыктыбы?

Аргумент.kg