Сыймык Бейшекеев: «Элмикем сен кеткенден бери өзгөрүү болгон жок. Бийлик алмашты, эл самагандай эмес….»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сыймык Бейшекеев досу Элмирбек Иманалиевди эскерип, арадан жыл айланса да арабыздан учуп кеткенине ишенбей турганын социалдык баракчасына жазып чыкты.

“Бүгүн 20 — апрель, сенин бизден бөлүнүп учуп кеткениңе туура 1 жыл болду досум… былтыр ушул күнү каңырык түтөткөн кабар каңырыш болуп калса экен деп тилене, жаныңа жетсем эле тирилтип алчудай, мен барсам эле келдиңби деп ойгонуп кетчүдөй жетип бардым… бирок, кеч болуп калган экен, акыретке аттанып акка моюн сунуп кетипсиң. Сен кеткенден бери эч нерсе өзгөрбөдү досум, болгону, болгону бийлик алмашты, бирок эл самаган бийиктигине жетпеген сымал, үмүттүү дагы анан үмүтсүз да таш жаргыдай үшкүрүп өзүңдөй акындар болгондо өзгөрүү болот беле деген кыялга жетеленип жашап келет. Элмикем, эл арасында эриш аркак жашап жүргөнүм менен, кээде өзүмдү эрме чөлдө, мээ кайнаткан ысыкта кайыгып, калчылдап үшүгөн мусаапырдай сезем, карааның кадырга калка, абийирге арка болчу экен. Сени жоктоп ырдагым келбей жүрөт досум… сен барсың, болгону мурда баарыбызга көрүнөө жашоодо элең, азыр жүрөгүмдөсүң, каным айланып тилим сүйлөп турган убакта мени менен бирге жашайсың, сен жөнүндө ырдалчу ырлар, жазылчу баяндар бүрдөп келатат, гүл ачаар убагы да келет, тынч укта досум, баары баягыдай эле, бир гана сен жетишпейсиң…”-деп катынын аягын өкүнүчтүү аяктаган.

Аргумент.kg