Света Тойгонбаева, айтымчы: Садыр Жапаровдун жанында саткындар толуп алган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү айтымчы Света Тойгонбаева NazarNews.org сайтына маек берип, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жанына саткындар толуп алганын билдирген.

«Садыр Жапаров сак болбосо Кыргызстанда дагы бир чоң өзгөрүүлөр болот. Кырдаал курчуп кетиши толугу менен мүмкүн. Элдин ою бир жерде эмес болсо саясатчылардын ою онго бөлүнүп кетти. Кыргызстандагы саясатчылардын баары бирикпесе, мамлекеттин тагыдыры талкаланганы турат. Азыр ошол ич ара бөлүнүп турган саясатчылар мамлекетти сактап калганга аракет кылып, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы» керек. Абал билинбегени менен оор.  Ич ара түндүк-түштүк маселеси жок эмес, бар.

Бул бийлик дагы «кыргыз эли үчүн иштейбиз» деген аракети бар, бирок майнап жок. Карапайым эл Жапаровду колдогону менен саясаттагы адамдардын 90% пайызы колдобостон Жапаровдун жанында маалымат алыш үчүн гана жүрөт.

Жапаровдун саясатына толугу менен каршы. Жапаров мыйзамдарды кабыл алууда абайлашы керек, эл менен эсептешип койсун, анын жанындагы саткын саясатчылар толтура», — дейт Света Тойгонбаева.

Аргумент.kg