Света Тойгонбаева: Президент өлкөнү өнүктүрүп тарыхта атым калса деген ойдо

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биз көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан, төлгөсү төп келген Света Тойгонбаевадан өзүбүздү кызыктырган суроолорго жооп алдык.
— Саламатсызбы Света айым, сизге бир катар саясатчылар жана өлкөдөгү кырдаал тууралуу суроо узатууга кандай дейсиз?
— Мындай кыйын кезеңде сөзсүз макул болом жана өлкө үчүн мен өз салымымды кошууга даярмын.

Ошентип биздин берген суроолорубуздун дээрлик баарына жан дили менен жооп берди Света Тойгонбаева.

— Президент көп иштерди жасасам, өлкөнү өнүктүрүп тарыхта атым жазылса деген жакшы ойдо. Бирок, анын ишин жокко чыгарабыз деген күчтөр бар. Элдин басымдуу бөлүгү аны ишин туура түшүнүп турат. Анткени менен Кемпир Абад, жакында болчу кышкы суук, келээрки жаздагы сел сыяктуу нерселерди бетине кармап бийликти алууга аракет кылган топ бар. Ар бир кадам сайын президентти тоскоолдук кылуучу күчтөр тушап жатат, чөйрөсүн тазалоо керек. Ал өзүнө пайдасы тийчү кишилерди өтө эле алыс кармоодо. Жолун тазалоо керек. «Өлкөнү башкаруучу адамдын жолу ачык болбосо, анан кайдан өлкөнүн жолу ачылмак эле».
Ал эми Ташиев кызылдай мээнеттин, практиканын адамы болуп жатат. Мунун жасаган ишин түшүнгөн да бар, түшүнбөгөндөр да бар. Жолу ачык…

Мадумаров тарапта боштук, ээндик, эч нерсе жок. Буга жаза да, бакыт да, оомат да жок.
Текебаев болсо өмүрүнүн күрдөөлдүү күзүн өткөрүүдө. Ал салмактуу, ал акылдуу аксакал. Ошол калыбынан жазбайт.
— Света айым, рахмат маегиңизге. Сизге тынччылык, аманчылык тилейбиз. Рахмат дагы бир жолу!

Рай Керки

 

Аргумент.kg