Сузакта 9 жаштагы Сумаяны өлтүргөн жаран кармалды. Кызды 4 күн үйүндө кармаган
23-бештин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСузак районундагы 9 жаштагы Сумаяны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сумая 18-ноябрда саат 12:40та үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ал эми ошол эле күнү өспүрүмдүн атасы арыз менен кайрылган.
Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөөдө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары амалдары жүрүүдө.
Аталган кылмышка шектүү 1973-жылы туулган У. А. Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн. Он жыл мурда үй-бүлөөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды. Тергөөнүн жүрүшү менен Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы аркылуу кошумча маалыматтар берилет.