Суваналиев менен Мырзакматовдун тандеми түзүлсө оппозицияга лидер болушабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Борбор шаардагы Ленин шайлоо округунда өтө турган парламенттик шайлоо КРнын саясий айдыгына бир топ жанылыктарды киргизчүдөй. Мына ошондой фактылардын бири катары жакында болуп өткөн окуяны айтсак болчудай. Ал эмне окуя?

14 апрелде Улуттар Биримдиги партиясынын лидери Мелис Мырзакматов борбордогу штабында жыйын өткөрүп, анда Ленин округундагы парламенттик шайлоодо  Өмүрбек Суваналиевди колдоо чечимин кабыл алды. Бул жөнөкөй кадам эмес. Мелис Мырзакматов мындай чечимди жөн жерден кабыл алган жок. Мындан ары Суваналиев экөө тандем катары биригип, келечектеги саясий процесстерге активдүү катышаары турган иш. Суваналиев да, Мырзакматовго окшоп бийликке өтө катуу болбосо да, каршылык көрсөткөн фигура. Демек оппозицияда  бул экөө негизги күчтүн бири болуп калышы толук ыктымал. Экинчиден экөө түндүк менен түштүктү бириктирген тандем катары калыптанууну ачык эле көздөшөт. Ленин округунда өтө турган шайлоо булар үчүн чоң сыноо болот. Каталарын жана ийгиликтерин талдап андан аркы кадамдарын күчтүү жазашы толук мүмкүн.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg