«Суррогатная  мать» болгону атам, же жаштык кылып жатамбы?

«Суррогатная мать» болгону атам, же жаштык кылып жатамбы?

14-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсынарбы. Сураныч чыгарып коюнузчу.Кармаган орозонор кабыл болсун. Мен 24 жаштамын, эки балам бар, кызым 4 жашта, балам 2 жашта. Чынын айтсам кыйналып жашайбыз. 3-4 жылдан бери квартирада жашап жүрөбүз. Күйөөм абдан жакшы адам. Өзүнүн атасы каза болуп калган. Кайненем башка күйөөгө тийип кетип, чогу жашай албайбыз. Көп айдан бери суррогатная мать болуп берейин деп ойлонуп атам. ЭКО менен. Күйөөм каршы эмес. Москвада бир клиника бар экен. Жазып сүйлөшүп көрсөм ганорары жакшы экен, бирок аябай коркуп атам. Ар кайсы ойлор келип атат. Алданып калсамчы же кийин төрөй албай калсамчы деп, бирок мынтип жашаганданда тажадым. Акчабыз эч нерсеге жетпейт. Түрлүү тамактарды дагы жасап жей албайбыз,же балдарымды тузурөөк кийинте албайм. Жакшы жашагым келет деген ойдо күйөөм экөөбүз Москвага кетели деп чечтик. Баламды ала кетебиз. Кызым менин ата-энемде калат. Кызымдын тили чыга элек. Ушу балдарымдын келечеги жакшы болсун деп аракет кылып атабыз.Туура эле кылып атабызбы? Же жаштык кылып акчага алданып атабызбы? Өзүңүздөрүн оюнарды айта кеткилечи сураныч