Сүрөтүн жарыялайм деп коркуткан. Москвада мурунку сүйлөшкөн кызынан акча талап кылган кыргызстандык кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Москвада мекендешинен «жеке сүрөттөрүн таратам» деп коркутуп, системалуу түрдө акча талап кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

24-апрелде ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы кыргызстандык кыз көптөн бери акча талап кылып жүргөн мурдагы жигитине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыз 2022-жылдын ноябрь айынан бери системалуу түрдө акча которуп жүргөн.

Аталган факты каттоого алынып, иштер жүрө баштаган. Кылмышка шектүү катары 28-апрелде 2001-жылы туулган жаран кармалган. Ал ушундай жол менен 66 миң рубль алган.

Аргумент.kg