Сүрөт — Ырчы Азиз Батыровдун менеджери жол кырсыгынан каза болду

Сүрөт — Ырчы Азиз Батыровдун менеджери жол кырсыгынан каза болду

02-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Чүйдө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2001-ж.т. Э. И. аттуу эркек адам каза болгон. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Белгилүү болгондой, аталган жол кырсыгынан каза тапкан жигит кыргыз эстрада ырчысы Азиз Батыровдун менеджери болгон. Ырчы мырза менен ал 2 жылдан бери чогуу иштеп келген.

Возможно, это изображение (автомобиль и на открытом воздухе)