Сүрөт-Президент Ташчайнарга материалдык жардам көрсөттү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 19- сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Нурлан Алишеровдон кабар алды. Буга чейин ал оор абалда ооруканада жаткандыгы кабарланып, жардамга муктаж экендиги маалым болгон.

Жолугушуу учурунда Нурлан Алишеровго ден-соолугун чыңдоого зарыл болгон аракеттерди көрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан материалдык жардам тапшырылды.

Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын жана кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин айтып, ал үчүн толук реабелитациядан өтө тургандыгын билдирди.

Нурлан Алишеров Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө каймана “Ташчайнар” аты менен белгилүү балбан. Учурда ооруканадан ийгиликтүү даарыланып чыгып,үй-бүлөөсү менен үйүндө жашап жатат.

 

 

Аргумент.kg