Сүрөт-Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен шоппинг кылган сүрөтүн жарыялады

Сүрөт-Нурлан Насип Асел Кадырбекова менен шоппинг кылган сүрөтүн жарыялады

23-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан бери коомчулуктун назарынан оолак болуп, күйөрмандары менен байланышты социалдык тармак аркылуу түзүп келген. Жакында эле алгачкы жолу жүзүн көрсөткөн ырчы айым борбордогу дүкөндөрдүн биринде шоппинг кылып жүргөн сүрөтүн жарыялады.

Ал эми ырчынын жолдошу Нурлан Насип экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп: «Келинчегимдин кыялын орундатып келдим. Кудайдын буйругу менен акырындан жакшы болуп келе жатабыз» деген билдирүүсүн калтырган.