Сулуу болуш үчүн лимон пайдалануу керек…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Косметика каражаттары пайда боло электе сулуулар бет күтүмү үчүн лимон пайдаланышкан. Лимондун пайдасы өтө көп.
1. Беттеги безеткини, кара тактан арылуу үчүн күнүнө бир нече жолу бетти лимон менен сүртүп туруңуз. Муну өзгөчө жайында көп жасап туруш керек.
2. Кургак бетти нымдаштырып, жашартуу үчүн лосьон жасоого болот. Ал үчүн 120-140 мл каймак, жумуртканын сарысы менен 1 чай кашык балды аралаштырыңыз. Аралашмага бир нече аш кашык менен арак менен 1 аш кашык лимон ширесин кошуңуз.
3. Лимон калыптуу жана майлуу бет терисин тазалоого жардам берет. Ал үчүн лимонду теркадан өткөрүп, жарым стакан арак куюңуз. Бул аралашманы 5 күн бою караңгы жерде тундуруш керек. Убакыт өткөндөн кийин 1 кашык глицерин кошуп, аралашманы сүзүп алыңыз.
4. Безеки, ысыктарды эмдеп, майлуу бетти калыбына келтиргиңиз келсе, арак менен лимон ширесинин тундурмасын пайдаланыңыз. Тунган аралашманы муздаткычка салып, күн сайын колдонуңуз.
5. Сепкилди жашыруу үчүн лимон ширесин кайнаган сууга аралаштырыңыз. Бул лосьон менен эртең менен жана кечинде сүртүп туруңуз.
БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg