Сүлүктүдө төрт шахтачы каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сүлүктү шаарындагы шахтада 4 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө «Ормон» ЖЧКнын шахтасынын кызматкери Назырбек Кудайбердиев билдирген.
Анын айтымында, окуя кечээ, 10-декабрь күнү саат 16:50 чамасында болгон.
Окуя болгон жерге капитан А.Мовлянов баштаган 7 куткаруучу саат 16:55те жөнөп кетишкен жана саат 18:05 чамасында 215 метр тереңдиктен газга ууланган тургундарды алып чыгышкан. Саат 18:15 чамасында шахтага Баткен облусунун Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Улан Мурзамуратов барганда Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбийке айылынын 4 тургуну газга ууланып каза болгондугу аныкталган. Алардын ичинде бир туугандар бар.
Каза болгон тургундар:
— 1985-жылы туулган Н.К.Э.;
— 1987-жылы туулган Н.Ш.Э.;
— 1976-жылы туулган А.Н.;
— 1996-жылы туулган К. уулу Н.
Каза болгондордун сөөгү ата-энесине жана туугандарына өткөрүлүп берилди-деп Турмуш.кж сайтып чыккан

Аргумент.kg