Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм

Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм

20-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Азыр башым катып жатат. Анда сөз башынан болсун. Үй-бүлөлүмүн, кызым бар.Аялым экөөбүз 5 жыл мурун таанышып, сүйүшүп баш кошконбуз. Чынында аялым аябай акылдуу, жакшынакай, тың, жубайым профессионалдуулук жактан өсүшүмө, адам болуп калыптанышыма салымы чоң. Аны азыр дагы сүйөм, бирок жакпаган жагы ал мени башкалардын жанында кемсинтет, мага катуу сүйлөйт. Өзүн лидер сезе берет ошонусу жакпайт

Анан жакында эле жумушумда бир жакыш кыз менен  таанышып калдым, аябай жакшы мени сыйлайт. Мен аны сүйүп калдым, азыр эки жолдо турам, эмне кылаарымды билбей жатам.Кимисин тандайм?