Сүйүүмдү унута албай жүрүп кырктан аштым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сүйүү жок дегендерге кудай таалам сүйүү тартуулабай күнүмдүк көр оокаттын ырахатын берип койгон деп айтаар элем. Сүйүүнү да сүйүп көргөн адам билет, баалайт баркын түшүнөт. Жыйырма беш жыл мурун чогуу иштеген кесиптешимди сүйдүм. Ансыз жашоом токтоп калгандай сезилип, күндө аны коруш үчүн таң атпай таранып барар элем. Кесиптешимдин мага мамилеси жакшы болгону менен негедир мага болгон жылуулук сезими ойгонбоду. Беш жыл жоопсуз сүйүүмдүн жообун күтүп жүрдүм. Таптакыр түшүнбөдү. Орто жолдо ага өчөшүп ата энесине таарынып кетип көчөдө калган 19 жаштагы кыз менен никелешип жашадым. Ал жашоомо келгени кесиптешимди унуткарып аз да болсо бактылуу күндөрдө жашадым. Күндө жумуштан кийин үйүмдө тамагын жасап алып жаш сулуу күтүп отурчу.  Болгон айлыгымды ага чаптап, тез эле кулпунуп чыкты. Ошондой бактылуу күндөрдүн биринде торт көтөрүп үйгө келсем эшик ачык, үйдө сүйүктүүм менен кошо эмеректерим да жок. Көрсө сүйүктүүм убактылуу мени менен жашап учуру келгенде оокаттарыман бери көчүрүп качып кетиптир. Жалган сүйүүдөн оозум күйдү. Кайра кесиптештешиме болгон сүйүүм күчөдү бул учурда кесиптешим турмушка чыгып кеткен эле. Кесиптешимдин баласы он бешке чыкса да мага кайрылып келчүдөй аны күтө берем. Балким тагдырым ушундай тайкы болсо да сүйүүнү көтөрө билет деп кудай мага сүйүү тартуулаган дыр.  Кырктан ашып калсам да жаш жигиттей алоолонуп сүйүүмдү кутуп жашайм.

 

Аргумент.kg