Сүйүү согушка карабайт, ок жааган Киевде жаштар баш кошту

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сүйүү согушка карабайт демекчи, журналист кыз менен милициянын патрулунда иштеген жигит согуш талаасында үйлөнүшкөн. Бул тууралуу uniannet телеграмм баракчасына эки жаштын сүрөтүн жарыялашты.

Анда “Эми баарыбызга ушундай таттуу кабар керек. Бул түгөй – патрулчу жигит менен журналист кыз — убакытты албай, Киевде аткылоонун ортосунда баш кошушту. Жаш жубайларга бекем бакыт !”-деп жазган. Бул сүрөт Киевдеги кайгылуу окуяларын чагылдырган маалыматтардын арасындагы жылуу кабар болуп калды.

Аргумент.kg