Сүйлөшкөн кызымдын жашыруун видеолорун көрүп, айлам кетти…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы чыгарып беринирзчи. Өзүм болсо үйлөнгөм мурда, балдарым бар. Үч жылдан бери бойдок жүрүп, бир кыз менен жарым жылдай сүйлөшүп, үйлөнүүгө ниет кылып жаткам. Кырктын кырына келгенде кайрадан түтүн булатуу да баштагыдай шар кетпейт тура. Сак-сактап. Сүйлөшкөн кызым менден 16 жаш кичүү. Жаңыдан көнүшүп, балдарым менен да тааныштырып, жашоону эми баштоого келгенде кызык көрүнүшкө кабылдым. Алинанын телефонун кокустан ачып калсам, галереясында ит-мышыктардын «кошулган» видеолору көп экен. Баарын карап чыктым да, айлам кетти. Эмнеге мындайларды чогултуп алган? Психикасы бузулганбы? Эми сыр бербей эле алыстап кетсемби? Же ачык сурасамбы? Ветеринарка болгону үчүнбү? Жумушуна байланыштуу ушул жагын изилдейби? Айтор, көп суроолор башымды жей баштады. Эми эмне кылсам? Көңүлүм кала баштады…

Аргумент.kg