Сүйгөн кызым досума жемпир алып берип жатканын көрүп калдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экөөнү бир заматта таппай калдым. Жаңы эле көргөм. Чуркап кирип баргыча жок. Кайда кетишти? Кайда кетишти? Кайда кетишти? Сүйлөнүп алып эки-жакка чуркайм. Анан акылыма телефон келди. Дароо чалдым. Албай коюшту. Демек, мени көрүп калышкан окшойт. Силердиби! Шашпагыла! Бул дүкөнгө биринчи жолу кызым экөөбүз келгенбиз. Өмүрү кийим жакпачу эле, дароо ошол жемпир көнүлүмө түштү. Каап, баасы бир топ эле кымбат экен. Экөөбүз тең студент, бизде мынчалык сумма жок. Терең үшкүрүп чыгып кеттик. Чын, сонун жемпир болчу: түсү, сүрөтү, фасону. Эх… Башымда жерге салып кетип баратсам кызым чалды. Ачуумду кармай албай, бакырып жибердим. — Кайдасың! — Кафеде. — Жаныңда Актан (досум) барбы? — Ооба. — Кайсы кафе? Мен азыр барам. — Кел сүйлөшө турган сөздөр бар. Жеткиче эмне деген гана ойлор келген жок. Демек, экөө жүрүшөт турбайбы? Досум деген неме душманым болуп чыктыбы? Экөөнү бир карап алайын болыу, кетип калам. Кантип туулган күнүмдө ушуга барышты?Официант тосуп алып, бир кабинкага алып жөнөдү. Демек, элден оолак бололу деп кабинкада отурушкан турбайбы! Эшигин ачарым менен бетиме «былч» этип торт жабышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Көзүмдү ачсам, досторумдун баары кол чаап каткырып жатышат. Уялганымдан жерге кирип кетейин дедим. «Витринадан бизди көрүп калганыңды байкап, кассага жашына калдык. » Кызым келип бетимден өөп, белегин берди. Жемпир! Менин сүйүктүү жемпирим! Көрсө, экөө ортодон акча чыгарып, мага белек алганы барган экен. Кечирим сурадым, бирок өзүмдү кечирген жокмун. Азыр ошол жемпиримди кийип алып манты жасап жатам. Сүйгөн кызым эбак эле келинчегиме айланган. Баламды эмизип, божурап мага ар нерсени сүйлөп берип отурат. Жарым сааттан кийин аяшым менен досум келет. Жаңы жылды чогуу тосконду салт кылып алганбыз, бул жолу дагы аны бузган жокпуз.

Аргумент.kg