Сүйүн Өмүрзаков: «Ошто таза суунун жоктугуна мэрия себепкер»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо долбоорунун кечеңдешине Мамлекеттик курулуш агенттиги менен мэрия себепкер деп шек санады.

Анын айтымында, бул долбоорго Азия өнүктүрүү банкынан беш жыл мурун эле 5,5 миллион доллар бөлүнгөн.

«Эл арасында абдан жаман маалымат тарап жатат. «Мамлекеттик курулуш агенттиги менен мэрия «тендерди мен өткөрөм» деп талашып бүгүнкүгө чейин таза суу жок» дешүүдө. Өкмөт мүчөлөрү иш сапары менен барып элге түшүндүрүшү керек. Эмне себептен ушунча жылдан бери тендер өткөн жок? 21-майда Кыргызстандын экинчи борбору делген Ошто алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өттү. Бир канча мамлекеттен спортчулар, коноктор келди. Мына ошондо суу чыкпай Ош кандай байыркы шаар экенин көрсөттү», — деди Өмүрзаков.

Андан соң Оштун мурдагы мэри, учурдагы депутат Таалайбек Сарыбашев «тактап коёюн» деп микрофонго чыгып, 3 миллион доллар ЖКдан ратификациядан өтүп, учурда өкмөттө турганын айтты.

«Долбоордун биринчи этабында 500 миң долларга хлоратор курулган. Долбоор даяр, ушул акчаны тез арада бөлдүрөлү. Чоң деле маселе жок, кеч калып жатабыз», — деди Сарыбашев.

Натыйжада бул маселе боюнча министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берилди.

Аргумент.kg