Студенттен арасында экстремизмге каршы түшундүрүү иштери жүрүүдө

Студенттен арасында экстремизмге каршы түшундүрүү иштери жүрүүдө

04-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл-Кыя шаарында Кызыл-Кыя ШИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлеринин демилгеси менен КИТЭП, БатМУ окуу жайларынын студенттерине коркунучтуу экстремизм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жаштар кандайдыр-бир максатты көздөп, коомдун тынч жашоосуна бүлүк салып, коомго, айлана-чөйрөгө зыян алып келип, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу үчүн биздин өлкөдө тыюу салынган диний агымдарга кирип, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса, мыйзам жолунда кандай жазалар колдонорун кеңири түшүндүрүп беришти.
Бул жыйынга шаар аймагындагы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү мечиттин имам хатибтери да катышып, талкууларда ар бир тармак өз багыты боюнча түшүндүрүп беришти.
2021-жыл ичинде Кызыл-Кыя шаарында экстремизмге байланыштуу 6 материал катталып, тергөө иштери сотко жөнөтүлгөн.