Өспүрүм кызды кардарларга «өзгөчө товар» деп кымбат сатып турушкан
04-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖашы жете элек өспүрүм кыздарды сойкулукка мажбурлап иштетип келген жарандар кармалды. Бул тууралуу NUR.KZ жазып чыкты.
Маалыматта, борбор калаанын милиционерлери тарабынан «STOP-трафик» ОПМ жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө өспүрүмдү сойкулукка тартуу фактысынын бети ачылган. Укук коргоо кызматкерлери 24 жаштагы жаранды кармашкан, ал милициянын маалыматы боюнча жашы жете элек кызды үч ай бою сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап кармап келген. Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 134-беренесинин 1-бөлүмү менен тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул кызга келген кардарлар массаж салону деген каймана ат менен таап турушкан. Ошондой эле кызга башкаларга караганда көбүрөөк акча алып турушкан.