СОТ ТЕКЕБАЕВДИН ИШИН ВИДЕОГО ТАРТУУГА ТЫЮУ САЛДЫ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 8-июнда уланып жаткан Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери жана мурдагы ӨКМ жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун сотун видеого тартууга тыюу салынды.
Адвокаттар жана айыпталып жаткандар соттун жүрүшүн видеого тартып, коомчулукка түз эфир аркылуу ачык көрсөтүүгө уруксат берүү өтүнүчүн келтиргени менен айыптоочулар “күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында” деп каршы чыгышты.
Жыйыныгында судья Эрнис уулу Айбек видео, сүрөткө тыюу салуу тууралуу мурда кабыл алган чечимин күчүндө калтырды.
Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов да кармалган.
Булак: Каганат

Аргумент.kg