Сот саясатчы Равшан Жээнбековду абактан бошоткон жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектин Биринчи Май райондук соту абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын арызын канааттандырган жок.

Адвокаттын өтүнүчү 8-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук жараяндын алкагында каралды. Судья Азирет Медеров Жээнбековдун бөгөт чарасы буга чейин аныкталып, 27-декабрга чейин абакта камоо тууралуу чечим чыгып калганын, аны өзгөртө албай турганын жүйө келтирди.

Буга чейин бир катар укук коргоочулар Жээнбековду эркиндикке чыгаруу маселеси менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Ондон ашуун укук коргоочу кол койгон кайрылууда Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, эгерде айыпталуучуга карата соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо жана тергөө абагында кармоо мөөнөтү бир жылдан ашса, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүшү керектиги белгиленген.

Мурдараак ушул мазмундагы кайрылууну президентке жана башкы прокуратурага Жээнбековдун адвокаты жолдогон болчу. Саясатчыны бошотуу боюнча арыз №1 тергөө абагынын жетекчилигине жолдонгон.

Аргумент.kg