“Сопусунган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегендей эле кеп

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алмазбек Атамбаев “Соке досум агынан согот, мен болсо Кытайдан алып келген кичинекей чөйчөгүм менен кызылынан шыңгытам” деп Сокенин ичимдикке жакын экенин айтчу эмес беле? Артка кылчайсак, Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Москвага барып, Кремлдин дубалын бир сүзүп келгени эсибизде. Ичкери кире албай. Алтургай атактуу ырчы Мирбек Атабеков Октябрь окуялары болуп жатканда аянтты жаңыртып, Сокеге кайрылып: “Досун саткан киши элин, жерин да сатат!” деп айтканы азыр да кулагыбызда жаңырып турат. Ошентип, Москвада парадга катышат элем деп башка президенттердин катарына кошула турганына сүйүнүп, шаңыраңдап, өпкөсү көөп турган Сокени “делегацияңардан COVID-19 чыкты” деген шылтоо менен ат арытып алыстан келгенине карабай Кремлге киргизбей, иттен чыгарып коюшат. Себеби ошондон бир аз мурда А.Атамбаевге куугунтук күчөгөн, камалып. “Путин досуна чыккан ошол чечим үчүн Сокеден өч алган” деп да айтып жүрүшөт. Ошентип Москва Сокени кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып, башка президенттердин алдында шагын сындырып, жулукка тепкендей эле кылган. Ошондо парадга катыша албай шаабайы сууп, самолётто салар кушу жок Соке ызасына чыдабай Москвадан Бишкекке келгенче ичип, ылжып мас болуп келди беле? “Көтөрүп, араң алып кетишкен” деп айтып жүрүшөт. Мечитке барып намазга жыгылып жүргөн Сокенин бул кылыгы “Сопусунган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегендей эле болуптур.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg