Сооронкулова: “Искендер Матраимов өзү эле моралдык себептерден улам бул кызматтан баш тартса болмок”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар парламенттин тармактык комитеттеринин төрага орун басарларын шайлоо маселесин карашты. Анда депутат Искендер Матраимов Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Бул боюнча саясатчы Клара Сооронкулова жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып, Кыргызстанда саясий маданияттын жоктугун белгиледи.
“Республикада саясий маданият жок. Эл өкүлдөрү Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын тандоодо туугандык байланышты эске алышы керек эле. Депутаттын бир тууган агасына «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Искендер Матраимов өзү да моралдык себептерден улам бул кызматын баш тартса болмок. Бирок ал мындай кылган жок, бул кызматты ага эл өкүлдөрү ишенип тапшырышты. Күтө туралы. Коррупция менен кантип күрөшөрүн көрөлү”- деген Сооронкулова.

Аргумент.kg