Сокулукта жашоочунун үйүнөн өрт кырсыгы катталып, 3000 боо чөбү күйүп кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сокулук районунун Жаны-Жер айыл аймагында өрт кырсыгы катталды.Бул тууралуу социалдык маалымат булактарында тарап жатат.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы аба-ырайынын таасиринен улам болгон.Натыйжада  айыл тургунун мал сарайынын чатырынан өрт чыгып, 3000ден ашуун боо чөбү күйүп кеткен.Ал эми сарайдын ичинде 100 бодо мал болгон.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын ылдамдыгы Чүй өрөөнүндө 24м,с жетээрин айткан.Айтылган эскертүүгө карабай айылда кырсыктар катталбай койгон жок.

Аталган өрт кырсыгына , өрт өчүрүүчүлөр барып жакынкы турак үйлөргө өрттүн  жабылуусунан сактап ,түнү менен иш алып барышкан.

Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg