Сокулукта шектүүнүн атасы: Ата-энесинен кечирим сурайм, жанына барып өлүп бергенге даярмын
11-бештин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева«Кыздын ата-энесинен кечирим сурайм, жанына барып өлүп бергенге даярмын»,-деп билдирди Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган баланын атасы.
«Балам негизи көп иччү эмес, кээде гана иччү. Өзү келинчеги менен кошо намаз намаз окуйт эле. Жайында малина менен иштеп, баарыбызды ошол балабыз багып келди. Мындай болот деп эч ким ойлогон эмес. Балам эч нерсени билбейм деди. Кыздын чоң атасы, атасы менен дагы аябай жакын болуп катышым бар эле. Мен өзүм намаз окубасам муунуп өлүп калат элем. Кыздын ата-энесинен кечирим сурайм, жанына барып өлүп бергенге даярмын. Ушундай жаман окуя болуп кетти. Балам жакшы бала болчу, шайтан азгырды. Элден кечирим сурайм, мен эл мененмин, элдин намысын сактаган балдармын»,-деди баланын атасы.
Эскерте кетсек, 5-декабрь күнү Сокулукта 31 жаштагы жаран күч колдонуп 16 жаштагы кызды зордуктаган.
Айылдын тургундары менен биргеликте Исмаил айылында «Аксакалдар соту» болуп, шектүүнүн үй-бүлөсүн көчүп кетүүсүн талап кылышып, алар көчүп кетишкен.