Чүй облусунда төрт баланын энеси күйөөсү тарабынан катуу сабалган. Шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда кармалып, андан соң үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси «Үй-бүлөдөгү зомбулук» боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттун үй камагына чыгаруу чечими 33 жаштагы айыпталуучунун туруктуу жашаган жери, өздүгү такталганы жана айыпталып жаткан кылмыштын анча оор эмес экендиги менен түшүндүрүлөт.
Жабырлануучунун жакындары соттун чечимине нааразы.
Тергөө иштери уланууда.