
Сокулукта 9 жаштагы кызга кошунасы ыплас аракеттерди жасаган
02-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСокулук районунда 2013-жылы төрөлгөн кызга карата ыплас аракеттерди жасоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран милицияга кайрылып, «М» аттуу кошунасы анын 2013-жылы төрөлгөн кызына карата 2022-жылдын декабрь айынан бери ыплас аракеттерди жасап жүргөнүн айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
«Аталган жагдай боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Тергөө иштеринин натыйжасына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексине ылайык чаралар көрүлөт»,- деп айтылат билдирүүдө.